Бүгүн, 25-январда Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына авиакеросинге ууланган делип түшкөн жарандар ооруканадан чыгарылышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бейтаптардын абалы канааттандырарлык болгондо үйлөрүнө чыгарылышты. Чүй облустук ооруканасында кичинекей балдар менен бир чоң киши дарыланууну улантышууда. Алар токсиколог адиси тарабынан изилденишип, курч мүнөздөгү респиратордук вирусуна кабылышканы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми калган бейтаптар тиешелүү дарылоодон өтүп жатышканы белгилүү.