ЭЛДИК КАБАР: Бишкектеги Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндө бул драматургдун фамилиясы ката менен жазылып турат

Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндө, 67-мектептин маңдайында акын, драматургдун фамилиясы ката менен жазылып турат. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Жоомарт Бөкөнбаевдин фамилиясы "Ж.Бөкөмбаев" деп туура эмес жазылып турат. 67-мектептин мугалимдери эмне үчүн байкашпайт?" - деген суроо салат окурман.

Дагы бир окурманыбыз Тыныстанов көчөсүндө ката жазылган тактанын сүрөтүн жиберди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Adil706070
2017-01-26 08:52:27
азыр шаардын копчулук кочолорунун атын жаштарыбыз жакшы билип таанышпайт.неге дегенде адабиятты,тарыхты тааныбагандан кабар берет.бийлик акыркы убакта мектептик сабактан адабият сабагын алууну которуп жатышат.маршруткада копчулугу Исанова,Боконбаева,Токтогула,дан токтоп койосунарбы дешет.бул орус тилдуу адам айтса башка билбегендер Токтогул Сатылгановду Насирдин Исановду кээ бири Исанова деп аял кишинин атынан коюлган го деп ойлошот.окунучтуу
+10
baltabai
2017-01-26 09:17:11
Chyn ele kata turbaiby
+2
zhykyo
2017-01-26 09:32:18
Бишкек мерясы караш керекпи ушундайларды же мектеп карайбы
0
-NURIK-
2017-01-26 09:36:29
Боло берет. Бөкөнбаев деп эч ким айтпайт азыр. Баары эле Бакамбаева дейт.
-13
ekaterinburg
2017-01-26 09:45:33
-NURIK-,сага окшогон бироо жазып койгон бейм ушу.Кел анда сенин атын Нурикти Нарик деп жазып коелу?Бакамбаева деп киргиздер айтат,кыргыздар Боконбаев эле дейт.Туура жазуу керек,белгилуу кытай-пытайдын аты болсо экен,ката болсо да боло берет деп койгонго...
+8
bek007
2017-01-26 10:19:10
ekaterinburg, Боконбаев эмес, Бөкөнбаев. Клавиатурамда кыргыз ариби жок дебей жүктөп алып, туура жазып жүргүлө.
-5
Gulnur1980
2017-01-26 11:15:36
ekaterinburg,Нарикадан токтоп коюн десен) Туура айтасын ушуга окшогондор куйгузду,окубагандар!!!
0
taalay25
2017-01-26 11:56:02
Эмнеси ката?
-2
gulmira12345
2017-01-26 12:40:25
а дейсинер бу дейсинер англисче билбейсинер аны деген окубаган эле жаш балдар жазып иштеп атышпатышпайбы
0
nurzada78
2017-01-26 13:10:14
Ж.Бокомбаев болот да туурасы,Боконбаев эмес!
0
A.Alymbek
2017-01-26 13:43:12
Бөкөнбаев туурасы. дагы жакшы Бөкөнбаева кочосу болуп жазылып калбаптыр. Негизи ушундай каталар чыга бербеш учун же толугу менен кыргыз тилинде жазууга отуш керек болбосо расмий тил деп орусча жазганга туура келет.
0
Kroxa
2017-01-26 14:12:39
..Т.Баатыр кочосу..Б..Баатыр кочосу.дегендеричи??тук тушунуксуз четтен келгендерге..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан