Жети-Өгүз суусунун деңгээли төмөндөп, 20 турак үйдү каптап кетүү коркунучу жоюлду

Жети-Өгүз суусунун деңгээли төмөндөп, Ак-Кочкор айылындагы 20 турак үйдү каптап кетүү коркунучу жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-январь күнү Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылындагы Жети-Өгүз суусунда муз кыртышы пайда болуп, анын кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам Бейшеев көчөсүндөгү 20 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

25-январда ӨКМнын Жети-Өгүз райондук бөлүмү тарабынан аталган аймакта байкоо жүргүзүлгөн. Анда суунун деңгээли төмөндөп, коркунуч жоюлгандыгы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан