Мурдагы Ленин заводунун Маданият үйү кайсы бир диний сектага сатылып кетип, кайтарып алуу мүмкүн болбой жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңеште маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков билдирди. Айтымында, бул мекемени мамлекетке кайтаруу боюнча райондук сот дагы, шаардык сот дагы Мамлекеттик мүлк фондунун пайдасына чечим чыгарган. Бирок Жогорку Сот 2 жолу бул ишти артка кайтарганын айтат министр.
Министр өлкөдө менчиктештирилип кеткен 37 кинотеатрдын төртөөсү кайтарылганын айтты. Эске салсак, бүгүн, 26-январда парламентте "Өкмөттүк күн" жыйыны өтүп, анда социалдык маселелер талкууланууда.