Нарын шаарынын мэри болуп Эмилбек Алымкулов шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Алымкулов Нарын шаардык кеңешинин “Биримдик” көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталган. Ал эми атаандашы, “Республика-Ата Журт” фракциясы тарабынан сунушталган Рахат Адиев жетиштүү добуш ала алган жок. Алымкулов 22 добуш алса, Адиев 8 добушка ээ болгон.
Эске салсак, жаңы шайланган мэр 50 жашта. 2000-2005-жылдары Нарын шаардык кеңешинин депутаты болгон.