Үстүбүздөгү жылы Түркиянын президенти Кыргыз өлкөсүнө келет

Үстүбүздөгү жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов президент Режеп Тайип Эрдогандын башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 30-январда кабарлады.

Жолугушуунун алкагында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-түрк мамилелери тууралуу сүйлөшүлүп, тараптар ар дайым жолугушууларды өткөрүшү зарыл экени белгиленди. Мындан сырткары Кыргыз Республикасына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын ушул жылы келери тууралуу да сөз болгону маалымдалат. Ошондой эле эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, Режеп Тайип Эрдоган буга чейин Кыргыз жергесине премьер-министр кезинде 2013-жылы келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
palina
2017-01-30 14:44:02
Ибргим Жунусовдун чачын ак аралап калыптырго.Эх кайран гана омур Балам балам Эламан.
+2
Seiil.94
2017-01-30 16:36:27
palina,дагы не болуптур?
-4
barakcha
2017-01-30 16:43:21
Темасына тушунгон жокмун го?
+2
Aldyiar
2017-01-30 20:13:24
Келеби экенби кечээ жакында эле биздин президент Атамбаев ооруп Стамбул шаарына самолёту менен конгондо Турция кабыл алган жок элего. Эмне учун турктор бизге кереки бар экен аа, дагы Турк-Ата деп Кыргыз элин уят кыласынарда ээ туугандар. Келсе келеберсинго дечи.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан