Кыргыз өлкөсүнүн 6 миллион калкынын 614 миңи пенсионерлер, алар калктын 10 пайызын түзүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.
Социалдык фонддон билдиришкендей, пенсионерлердин 42 пайызы (259 миң пенсионер) жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумунан төмөнкү өлчөмдө пенсия алышат.
Депутат Альфия Самигуллинанын айтымында, Кыргыз өлкөсүндө улгайган жарандарга социалдык колдоо жана коргоо көрсөткөн атайын мекеме жок. Депутат өкмөттү улгайгандардын материалдык жашоо шартын жакшыртууга чакырып, Социалдык фонд пенсиялык саясатын кайра карап чыгуусу керектигин айтты.