ЖЫЛНААМА, 31-ЯНВАРЬ: 106 жыл мурун болгариялык элдик дарыгер, атактуу көзү ачык Ванга төрөлгөн

Мындан 106 жыл мурун, 1911-жылы 31-январда болгариялык элдик дарыгер, атактуу көзү ачык Ванга (толук аты-жөнү - Вангелия Пандева-Гуштерова) Болгарияда кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 3 жашка чыкканда энеси каза болот, 12 жашка толо элегинде дагы бир чоң кырсыкка кабылат: катуу шамал болуп, куюндун чок ортосунда калган Ванганын көзүнө топурак кирип, көзүнөн жаракат алат. Үй-бүлөсү аябай жакыр тургандыктан аны дарыгерге көрсөтүү шарты да болгон эмес. Натыйжада Ванга азиз болуп калат.

Болгар окумуштуусу Георгий Лазанов Ванганын феноменин чейрек кылымдан бери иликтеп жүрүп, анын 7 миңден ашуун алдын ала айткандарынын жүзөгө ашкандыгын белгилеген. Ванга айткандардын кокусунан дал келип калуусу 80 пайыздан жогору экен деген жыйынтыкка келген. Сталиндин өлөрүнө жарым жыл калганда да анын көз жумарын алдын ала айткан. Анысы үчүн дароо эле түрмөгө камалат, бирок жарым жылдан кийин чындап эле Сталин каза болгондо Ванганы кайра боштондукка чыккан.

Окумуштуулардын эсеби боюнча Ванга касиетинин пайда болгон мезгилинен тартып акыркы күндөрүнө чейин (55 жыл) миллиондон ашык адам көргөн. Элден түшкөн каражатка Ыйык Петка православ чиркөөсүн салдырткан, бирок анын расмий чиркөө менен болгон мамилеси начар болгон. Себеби православ дини ар кыл көзү ачыктардын болуусун кабыл алган эмес.
Элдерди көрүп, сакайып кетишине жардам бергени менен, өзүн өзү такыр дарылаган эмес. Акыркы күнүндө ал жээнинен бир чыны суу, бир үзүм нан сурап жеген. Андан соң аны жуунтуп коюусун талап кылып, "мына эми даяр болдум" деген экен. Эртең мененки саат 9дарда ата-бабасынын арбактары келгенин айтып, 1996-жылы 10-августта саат 10до бул дүйнө менен кош айтышкан.

31-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан