ВИЧ илдетине кабылгандардын 60 пайыздан ашууну калктын жумушка жарамдуу бөлүгүн түзөт

ВИЧ илдетине кабылгандардын 60 пайыздан ашууну калктын жумушка жарамдуу бөлүгүн түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Бишкектеги мейманканалардын биринде өлкөдөгү ВИЧ илдетине кабылган жарандардын көйгөйлөрү, оорунун алдын алуу, дарылоо жолдору талкууланган жыйында белгилүү болду. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, өкмөттүн, президенттик аппараттын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Республикалык СПИД борборунун директору Улан Кадырбеков өлкөдө канча адам ВИЧ илдетине чалдыкканы жөнүндө маалымат берип, буларга токтолду:

"Бизде оору жөнүндө кенен маалымат берген адистер, мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жетишсиз болууда. 2016-жылы эле 712 адамдын ВИЧ илдетине чалдыкканы аныкталган. Алардын 60 пайыздан ашууну калктын жумушка жарамдуу бөлүгүн түзөт, тагыраагы, күч-кубатка толуп турган адамдар. Андыктан оорунун алдын алуу, азайтуу боюнча атайын программа иштелип чыгып, мамлекет оорулууларды дарылоо жолдорун колго алышы зарыл".

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-январында Кыргыз жергесинде ВИЧ менен ооругандардын саны 7100гө жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seryi-Kardinal
2017-01-31 11:57:39
owo jumuwka jaramduular dvijenie kylat da,owogo jugat da
0
MAKALAK
2017-01-31 14:13:15
Бул да бир белги никесиз корунгон менен кошулба деген
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан