Бишкек шаарында жааган карды тазалоо үчүн "Тазалык" кызматкерлери жумушка 31-январда түнкү саат 02:00дө чыгышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда карды 550 кызматкер тазалап жатканы маалым болду. Борбор калааны кардан тазалоо үчүн 23 атайын техника тартылган. "Тазалык" ишканасынын жумушчуларынан тышкары штаттык режимде ишке Биринчи Май районунан 144, Ленин районунан 131, Свердловдо 110, Чоң-Арыкта 16 көчө шыпыруучу чыккан.
"Эскерте кетсек, жолдорго кум, туз себүү зарылчылыгы тууралуу кабарласаңыздар болот: Аскат Карынбаев (Ленин району) - 0557 997 927; Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) - 0554 955 509; Руслан Шарапов (Биринчи Май району) - 0558 336 640; Марат Матмусаев (Свердлов району) - 0555 447 154", - деп жазылган маалыматта.