Интернеттеги кооптуу оюн: Коргоо кеңешинин катчысы чукул жыйын өткөрөт

Интернеттеги кооптуу оюн боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров чукул жыйын өткөрөт. Маалыматка таянсак, жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери катышып, анда аталган оюнга байланышкан кырдаал талкууланат.

Өткөн аптанын аягында кыргыз интернет колдонуучуларын "өлүмгө түртөт" делген оюнга коңшу Казакстандын өспүрүмдөрү кошулганы кабатыр кылса, бүгүнкү күнү оюн Кыргыз жеринде жайылганын айтып коңгуроо кагышууда.

Бул оюн учурда ВКонтакте жана Инстаграм колдонуучуларынын арасында ойноло баштады. Оюнчулар өздүк баракчасына #Разбудименяв4:20, #синий кит, #явигре, #тихийдом, #хочувигру, #F57, #ждуинструкцию деген хештегдерди жазып, киттин сүрөтүн илишет. Андан соң ага кимдир бирөө байланышка чыгып, 50 күн бою ар кандай буйруктарды берет. Оюндун эрежеси боюнча, акыркы күнү оюнчу же асынып, же бийиктиктен секирип өз жанын кыйганда гана жеңишке жеткен болот деп айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
arzygulR
2017-02-01 12:48:43
Тообо не деген оюн олумго турто ткрганда оюн бар бекен ушу контакт инстаграм деген соц.сет. эч тушунбоймда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан