Терезеден боюн таштап каза тапкан окуучунун өлүмүнүн "Тихий дом" оюнуна тиешеси бар-жогу такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы тапта каза болгон окуучунун мугалимдери жана классташтары суралууда.
Бишкек шаарында 1-февралда эртең менен 8-класстын окуучусу терезеден боюн таштап каза болду. Ал №12-мектептин окуучусу экени белгилүү болду.
Белгилей кетсек, "өспүрүмдөрдү өлүмгө түртөт" делген интернет оюн Кыргыз жергесинде жайылып баратканы тууралуу маалымат пайда болгон. Бул оюн учурда ВКонтакте жана Инстаграм колдонуучуларынын арасында ойноло баштады. Оюнчулар өздүк баракчасына #Разбудименяв4:20, #синий кит, #явигре, #тихийдом, #хочувигру, #F57, #ждуинструкцию деген хештегдерди жазып, киттин сүрөтүн илишет. Андан соң ага кимдир бирөө байланышка чыгып, 50 күн бою ар кандай буйруктарды берет. Оюндун эрежеси боюнча, акыркы күнү оюнчу же асынып, же бийиктиктен секирип өз жанын кыйганда гана жеңишке жеткен болот.