Президент менен башкы прокурор өлкөдө мыйзамдуулукту көзөмөлдөөнүн абалын талкуулашты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-февралда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, жолугушууда өлкөдө мыйзамдуулукту камсыздоо, прокуратура органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү иши талкууланды. Жолдубаева ишкерлердин укуктарын коргоо жана экономикалык ишкердиктин эркиндигин камсыз кылуу жаатындагы иштерди да айтып берди.

Президенттик аппарат билдиргендей, Алмазбек Атамбаев жарандардын укуктарын коргоо жаатында мамлекеттик органдар өз функцияларын ишке ашырууга жоопкерчилик менен мамиле жасоосу зарыл экенин билдирди. Мыйзамдардын сакталышына көзмөлдү күчөтүү, бардык тармакта жарандардын укуктарын камсыздоо милдети так аткарылышы керектигин белгилегени айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан