2016-жылы октябрь айында Ала-Бука районунда баптист аялдын сөөгүн казгандардын экөө 1 жылдан кесилишти. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 1-февралда билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 17-октябрында саат 17:00 чамасында Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында К.С. аттуу жарандын сөөгүнүн “Канымбүбү” көрүстөнүнө коюлганына жергиликтүү тургундар нааразычылыгын билдиришкен.
"Баптизм агымындагы адамды мусулмандар жаткан жерге койгонго болбойт" деп көрдөн казып чыгышкан Эмилбек Жанаев, Кубанычбек Эркавлянов Ала-Бука райондук сотунун 2017-жылдын 12-январындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин (өлгөн адамдын денесин жана алар көмүлгөн жерди мазактоо) 2-пункту менен күнөөлүү деп табылышып, ар бири 3 жылга эркинен ажыратылышкан. Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде аларга белгиленген жаза шарттуу деп эсептелинип, ар бирине 1 жылдан сынак мөөнөтү белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле алардан сырткары Бектурган Кулчинов аттуу тургун да маркумдун сөөгүн казып чыкканы белгилүү болгон.
"Соттолуучу Б.Кулчинов боюнча кылмыш иши сотто кароодо, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү айыпталуучу менен элдешип, аны кечирип, тосмо арыз менен кайрылган. Айыпталуучу жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкендиктен, Кылмыш-жаза кодексинин 66-беренесине ылайык, Бектурган Кулчиновго ачылган кылмыш иши кыскартылган", - деп кошумчалаган басма сөз кызматы.
Ала-Бука райондук сотунун 2017-жылдын 20-январындагы маалыматына ылайык, даттануу түшө элек.