“Синий кит” жана “Тихий дом” оюндарын иликтөөчү мекеме аралык комиссия түзүлдү

“Синий кит” жана “Тихий дом” оюндарын иликтөөчү мекеме аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бул комиссия тобуна Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жана бейөкмөт уюмдарынын кызматкерлери кирди.

Комиссия өспүрүмдөрдү суицидге түрткөн интернеттеги жарыялоолорду текшерип, чектөөлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Комиссия тобуна жарыяларды текшерүүнү тиешелүү чараларды кабыл алуу менен бүтүрүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле интернет-провайдерлерди зыян келтирүүчү маалыматтарды тазалоочу программа жана жабдуулар менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Ananai
2017-02-01 18:15:01
Ата энелер мектеп курактагы балдарынарга телефон карматпагыла..Интернеттин айынан баардык балээ болуп атат.
+5
Sema87
2017-02-01 18:30:59
бул акмакчылык оюндун артынан кантип оз омурлорун кыят ХХХ
+1
arzygulR
2017-02-02 15:21:29
Sema87,менимче 14 15 жаш да алар
кызыгышат алардын
психасын ошол жака буруп койсо керек айтып атпайбы коркутат деп
0
baltabai
2017-02-01 18:44:48
Okuuchularga telecom mukun emesgo karmashka
+1
anjela500
2017-02-01 19:02:22
оба туура кылышат,сайттарды жапкыла, жана бул оюнду ким ойлоп тапкандын да тубуно жеткиле,аябай коркунучтуу, страшно за будущее детей...
+4
arzygulR
2017-02-02 00:15:16
anjela500,
Орусия мн Казакстан тубуно жете алышпаса
Кыргызстан жетмек беле
Тообо кылдым аманчылык эле болсунчу
-1
semo
2017-02-01 19:07:36
Мен еч түшүнбөдүм емне деген оюн
+1
Seiil.94
2017-02-01 20:01:41
Бизде толька после пожар кыймылдашат
+1
tyrgon
2017-02-01 20:02:01
аморальный давленияго переходный возраста кадимкидей урушкун кичине нерсени которо албай калат акылсыздык деле эмесго башка олколордо мектептеринде кадимки психолог иштейт оз жумушун алп барат
+2
aibars
2017-02-01 20:20:59
Menin jeenim okugan mektepte bir dagy koiuchu telephone kotoruugo tiyuu salyngan. Kotorushso jonokoi ele chalganga ele jarai turgan telephone kotoruugo uruksat.
0
Umnitsa
2017-02-01 20:38:42
aibars,

Биздин мектептерде да ошондой, бирок биз мектепте окуганда мугалимдерден оңой эле бекитип койчубуз телефондорду, алар жокто кеңири эле иштетет элек.. бирок без всяких игр "тихийдом"
0
BakuNur91
2017-02-01 22:26:22
бугун иним келди мектепте телефондорун алып алышыптыр организатору баарыныкын родительдерге берем деп
+2
arzygulR
2017-02-02 00:18:42
Азыркы заманда 7-11кл окуучулары телефонсуз журбойт мектепте болбосо уйго келгенде колдонот ата энеси деле тыя албаса керек бекинип журуп колдонот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан