Бишкекте Чүй менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги белуха (киттин түрү) жана кичинекей бала тартылган граффити сүрөтү ак сыр менен сырдалды. Өспүрүмдөрдү өлүмгө жетелеген "Тихий дом" оюну интернет ааламына тараган соң, социалдык тармактарда айтылган сүрөт илинип, "Дал келгендикпи?" деген суроолор узатылган. Бүгүн ал сүрөттүн жанында укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүргөнү маалым болгон.
Сүрөттүн автору Сергей Келлер чыгармасынын ал оюнга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.
"Сүрөт 2 жыл мурун туристтик компаниянын тапшырыгы боюнча тартылган. Анын азыркы оюнга эч кандай тиешеси жок. Сүрөт туризм жана саякатты үгүттөө үчүн тартылган. Ал көк кит эмес, ал белуха", - деген өз билдирүүсүндө Келлер.
Сергей Келлердин маалыматына ылайык, сүрөттү дубалдын ээси ак сыр менен сырдатып салган.
Эске салсак, жогорудагы оюн "Көк кит" ("Синий кит") хештеги менен да ойнолот.