Варшава шоссесинин 23-чакырымындагы жол кырсыгында каза болгондордун арасында Кыргыз жараны жок

Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинин маалыматы боюнча, Варшава шоссесинин 23-чакырымындагы жол кырсыгында каза болгондордун арасында Кыргыз жараны жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаалардын биринин айдоочусу - Кыргыз жараны кырсыктан жаракат алган. Ал Москва шаарындагы №1-ооруканага жеткирилген.

Эскерте кетсек, бүгүн, 1-февралда Орусиянын Москва шаарында орун алган жол кырсыгынан 9 адам каза болуп, 3 адам жаракат алганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adimyrza
2017-02-01 23:25:58
АЛЛАХка шугур
+3
Asem89
2017-02-02 00:28:54
Жаратканга шугур!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан