ЭЛДИК КАБАР: 8-класстын окуучусу Ак-Буура дарыясынан тарыхый жазуулары бар таш таап алды

Ош шаарына караштуу Озгур айылынын тургуну, 8-класстын окуучусу Ак-Буура дарыясынан тарыхый жазуулар чегилген таш таап алган. Мындай маалыматты окурман SUPER.KG порталына бүгүн, 3-февралда WhatsApp аркылуу билдирди.

"Тарых сабагынан мугалим болуп иштейм. Таштагы жазуулар арабча же түркчө болушу мүмкүн. Тапкан окуучу малын сугарганы дарыянын жээгине алып түшкөн экен. Майда жылтыраган таштарга кызыгып карап отуруп арасынан жазуусу барын таап алат. Учурда таш ошол баланын үйүндө. Университеттеги агайларга таштын сүрөтүн жөнөткөнбүз, жообу келе элек", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Edik_86
2017-02-03 15:16:52
не кылып журуп таап алганын толук жасса болмок экен
-9
Seiil.94
2017-02-03 15:50:08
Edik_86,окудунбу же окубайле жазып атасынбы? Мал суу ичиргени деп турат
+13
Sema87
2017-02-03 15:50:10
Соонунго
+5
baltabai
2017-02-03 15:53:53
Arapcha jazylgango
Karasanar eee tuugandar
+1
salimbek87.kg
2017-02-03 16:15:41
Булда болсо Кудайдын кудурети кандай тамга жазылган же Кудай билет сырын.
+2
baatyrbek083
2017-02-03 16:37:55
Жакшылап караса ак буурада мындай таштар дагы болуш керек.
+2
adimyrza
2017-02-03 16:38:17
Уйуно кантип апарды дейм да чон окшойтко кыйла эле
0
Kurstan_CR7
2017-02-03 16:57:16
adimyrza,
Кичинекей эле таш экен, болгону жакын тарткандан ушундай чыгып калыптыр.
+1
rejepova
2017-02-03 17:00:46
эми окутканы Россияга же Туркияга жиберишип ошодон ары жок болбосунда.
+2
mandalak
2017-02-03 18:02:24
Коурунуп эле турбайбы Кыргызча жазылып ))) жер Кыргыздыкы деп
+1
mirlany00
2017-02-03 18:45:55
Бул аябай эле чон ташго
-1
abusait
2017-02-03 19:49:52
Адатта ойулуп жазылат эле. Бул андай эмеско...
0
azamat.k
2017-02-03 20:41:35
8-класстын баласы дегенде чочуп кеттим,дагы баякы жаман олумго алпарчу оюндун жазуусубу деп.Мындай чочутбай жазсанар.
-1
Aitunuk
2017-02-03 22:54:56
Байыркы түрк рун жазуусунун тамгалары бириктирилбестен, ар бири өз алдынча жеке жазылат. Ташты туура коюп туруп тартсаңыздар жакшы болмок, тескерисинен коюлуп тартылган.
0
Kroxa
2017-02-04 00:12:08
Ташка чегилип жазылмак бул наборот го,,арабчага тук окшобойт...
0
fahridin
2017-02-04 01:45:45
Ичинде алтын болуш керек
+1
dasta
2017-02-04 11:45:55
Бул ото чон ташко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан