ЭЛДИК КАБАР: Москвада кыргыз кызды КамАЗ сүзүп кетти

Кечээ, 3-февралда саат 17:30 чамасында Москва шаарынын "Сокольники" метросунун жанынан кыргыз кызды КамАЗ сүзүп кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 4-февралда кабарлады.

"Ал эс-учун жоготту. "Тез жардамга" чалышса, келбей койду. Полиция кызматкерлери чакырганда гана төртөө келди. Күбөлөрдүн айтымында, кыздын кулагында наушник бар экен. Жол чырак жашыл күйгөнүнө карабай өтүп баратса, КамАЗ токтой албай сүзүптүр", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (42)
aseras
2017-02-04 11:45:58
Жашыл жанып турганда отуп бараткан экен бул кызда эмне куноо?Жашыл жанганда отпой анан эмне кызыл жанганда отмок беле?Же машиналар отуучу жашылда отуп бараткан бекен?Айдоочу акшындабай айдабайбы?наушникчен отуп кетип жатабы дулой отуп кетип жатабы каМаз экен темболее жолду карап айдаш керек.Теманы тушунуктуу жазсанар супер инфо кайсыл жашылы жанып атканда откон тактап маалымат бергилечи айланайындар.Куноо кимде болуп атат?
+4
Barchynbek
2017-02-04 16:18:14
aseras,бул маалыматты мен бергем.кечиресинер сааль тушунуксуз болуп калыптыр.жоо адамдардын жашылы куйгон бирок кыз эки жакты карабай басып чыккан элдер кыйыкырыптыр бирок наушниктен укпаптыр.камаз караганга улгурбоптур.
+1
chikeusenov
2017-02-04 11:58:40
эмне болсо да ден-соолугу жакшы болсунчу кудай буйруса
+1
Uson13
2017-02-04 11:59:14
Ушу наушник тагып жолдон өткөндөр күйдүрөтда
+2
Izdeim_seni.
2017-02-04 12:28:45
Наушник бара бара дулойлуко алып келет . Мындай дулойлук айыкпайт дагы.
+2
panda7
2017-02-04 18:27:04
Izdeim_seni.,жаштарга айтарым медицина жагында лор отделениесине тапшыргыла.20 30 жылдан кийин кулагы укпаган 20 30 40 жаштар көп барышат
0
saltanat2015
2017-02-04 12:53:16
Куноо наушникте. Бир жагын тагып экинчи жагын такпай укса деле болот
+1
baboskin
2017-02-04 13:22:57
Наушник салбаш керек да ошон учун
+1
baltabai
2017-02-04 13:23:58
Oa navushnkten
-1
aseras
2017-02-04 13:35:28
baltabai,кыздын ордуна без наушник бир тубаса дулой адам отуп баратса анда куноо кимде болот эле?Наушниктеби наушниксизби кыз оз жолунда эле жашыл жанганда отуп бараткан!
0
baltabai
2017-02-04 14:03:30
00000000
0
farida.kg.1991
2017-02-04 14:37:13
эх наушник.эх сотка баары чыгат кытайдан
+1
Ymanbekov
2017-02-04 14:48:30
farida.kg.1991,Китайский наушник салганы учун сузуп кетиптирби анда
-2
Barchynbek
2017-02-04 16:13:28
Наушник тагып пешеходтун жашылы куйгондо отуп баштаган.бирок эки жакты караган эместа.камаз кунолу экен губолордун айтышы бойунча.кыз бети менен жерге каттуу тушуп калыптыр.телефонун алып таныштарына чалайлык десек.телефонунда пароль бар экен ачалбадык.орустарда чалдырбай койду.
0
kanyshai_2011
2017-02-04 16:42:58
тооба кылдым наушнике балээ барбы.уйуно барып ук.уйго барып дем алатда музыка уканга убакыт жок.
+1
mirlany00
2017-02-04 22:15:41
Ден солуугу жакшы эле бекен анан
0
Sveta23
2017-02-05 10:47:01
кызда күнөө. канча катар машина өтүп жатат. не кылат наушник салып.
0
nurzada78
2017-02-05 10:54:21
Жол чырак жашыл куйгонуно карабай,отуп баратса... демек кызда экен куноо!Кулагы наушникте болсо,козу каякты карады экен!
0
admin_portal
2017-02-06 10:51:01
Seiil.94,
1. Жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.
2. Этика нормаларын сактаңыз!
Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан