Аксы районунда 2 күндөн бери тынбай жааган кар күрөлбөй, тургундар үчүн ыңгайсыздык жаратып жатат. Бул тууралуу окурман бүгүн, 4-февралда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Жаңы шайланган мэр кардын тазаланышын көзөмөлдөбөй жатат. 2 күндөн бери кар жаап, азыркыга чейин тазаланбаганы элди нааразы кылууда. Шаардын борбордук көчөлөрү күрөлбөй турат. Шайланганына бир жума болбой жатып ушундай көрүнүш болсо, келечекте кандай болот?" - деген суроо салды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.