ЭЛДИК КАБАР: Ала-Бука районунун Ызар айылынын эли таза суу менен камсыз болсо да, пайдалана албай келет

Ала-Бука районунун Ызар айылынын Миңбаев көчөсүнүн жашоочулары таза суу менен камсыз болсо да, пайдалана албай келишет. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.

"Тургундар илгертен саздын, сайдын суусун колдонуп келишкен. 2015-жылы сентябрь айында арабиялык уюм 4 жерден таза суу чыгарып берген, бирок ушул күнгө чейин аны пайдалана албай келебиз. Себеби суу электр мотору менен чыгат экен. Баатыр аттуу контролёр сууга атайын өзүнчө эсептегич коюу керектигин, киловаттына 2 сом 70 тыйындан төлөөрүбүздү айтыптыр. Карапайым элдин акчасы бар болсо, саздын суусун ичмек беле? Бөтөн эл суу менен камсыз кылып жатса, биздин аттуу-баштуулар кенедей болуп элди соруп жатышат", - деген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
baltabai
2017-02-05 12:19:03
Chteke korunbotgo
-1
plaza85
2017-02-05 12:52:06
Силерге таза сууну чыгарып берсе калганын озунор бутургулода. Бардыгын биро келип жасап бериш керекпи озунорда кичине менет кылып электр энергиянын акчасын тологуло коп болсо айына 100сомдон толойсун. Телефонуна саласын суу ичкенде таппайсынбы.
+3
Seryi-Kardinal
2017-02-05 13:29:30
myncha jmotsunar
+3
aseras
2017-02-05 13:46:43
Саздан сайдан эле ташып келип иче бергиле да бунга чейин деле ичип келген экенсиздер.
+3
ERCHOROEV
2017-02-05 13:57:09
Ачыгын эле айтпаптырсынар да. Сууну чыгарып беришти эмне учун оозубузга куюп бербей жатышат деп. Ай туугандар той ашка Жуз минди кордум дебейсинер. Уят эмесспи эми ушунунар. Айыл кенешип электирик менен кенешип эле суунарды чыгарып таза суу ичкиле да. Ар бир уй було айына 100сомдон топтоп берип койгула да жашай бергиле. Мисалы мен айына 400сом берип кудука суу куйдурам бир ай ичем кана мага ошондой таза суу болсо. Уят уят туугандар кичине аракетда кылбайсынарбы. Жалкоолонбой.
+6
mirlany00
2017-02-05 16:05:34
Ичкен суусуна акча тологондон ичтери орунатго
+1
talant87
2017-02-05 17:38:32
окмот рээс менен суйлошсо 77 тый айлантса болот жолдору бар
0
Nevestkaa
2017-02-05 18:04:44
Биз деле айылда айына сууга 50сомдон төлөйбүз.
+1
Guliza85
2017-02-06 00:17:47
Аракет кылып таза суу ичкинер келбесе сайдан,саздан ичкиле ...
+1
solntse95
2017-02-07 01:30:57
Минбаев кочосундогулордун баары эле иштейт, 100 сом таппай калышыптырбы сууга?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан