Депутат Масалиев Чыныбай Турсунбековду спикерликтен кетирүү боюнча арыздын түшкөн-түшпөгөнүнө кызыкты

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутаты Исхак Масалиев "Республика-Ата Журт" фракциясынан Чыныбай Турсунбековду (КСДП) спикерликтен кетирүү тууралуу арызы түшкөн-түшпөгөнүнө кызыкты. Бул маселени ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 7-февралдагы отурумунда көтөрдү.

Комитеттин төрайымы Асел Кодуранованын жооп беришинче, комитетке мындай арыз түшкөн эмес. "Чыныбай Турсунбековду кетирүү боюнча маселе жөн эле айтылган сөз бойдон калды", - деди Кодуранова.

"Республика-Ата Журттун" лидери парламенттин расмий жыйынында Чыныбай Турсунбековду кызматтан кетирүү жөнүндө арыз жазарын айткан эле. 72 сааттын ичинде бул маселени карашыбыз керек болчу", - деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан