ЖЫЛНААМА, 7-ФЕВРАЛЬ: 539 жыл мурун "Утопия" китебинин автору, англиялык жазуучу-гуманист Томас Мор төрөлгөн

Мындан 539 жыл мурун, 1478-жылы 7-февралда англиялык жазуучу-гуманист Томас Мор Улуу Биританиянын Сити шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң 1492-жылы Оксфорд университетинде билимин уланткан. Ал жерден белгилүү юристтерден таалим алып, италиялык гуманист Пико делла Мирандоланын "12 кылыч" аттуу эмгегин жана өмүр баянын англис тилине которгон. 1516-жылы "Утопия" деген чыгармасын жазып, анда коомдук түзүлүштүн идеалдуу системи жөнүндөгү өзүнүн ой жүгүртүүсүн чагылдырган. Т.Мор 1535-жылы 6-июлда 57 жашында көз жумган.

1996-жылы жазуучу тууралуу "Бардык мезгилдин адамы" деген тасма тартылып, Москвадагы кинофестивалдан 2 сыйлык, "Оскардын" 6 сыйлыгын (1967), BAFTA`нын 7 наамына ээ болгон. Ал эми бул фильмде Т.Мордун ролун англиялык актёр Пол Скофилд аткарган.

7-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан