Мамлекеттик каттоо кызматы: "Жабырлануучу кореялык айымга үйлөнгөнүн мыйзамдуу түрдө каттаткан"

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Марат Акылбеков Чыгыш-5 кичи районунун 115 А дарегинде жайгашкан "Бишкек Альянс" компаниясына Кореяга кетүүгө виза ачтыруу үчүн 6000 АКШ долларын берген. Ага компаниянын кызматкерлери, Бишкек шаарынын Свердлов райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борбору виза алуу үчүн жубайы менен "ажыраштырып", кореялык айымга "үйлөнтүшүп", жадакалса ысымын да өзгөртүп беришерин айтышкан. Кызыгы, бул иштер аткарылганы менен, жабырлануучуга виза ачылбай, "Бишкек Альянс" компаниясынын кызматкерлери из жашырып кетишкен. Марат Акылбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери ушул сыяктуу компаниялар менен тыгыз иштешерин айткан.

Бул маселе боюнча аталган мекемеге байланышып, басма сөз катчысы Мелис Эржигитовго бир нече суроо бердик.

- Жабырлануучу Нарын облусунун Ат-Башы районунда каттоодо турат. Аты-жөнүн өзгөртүү, жубайы менен ажырашуу үчүн ошол жакка барышы керек беле?

- Жок, мыйзам боюнча, ысымын өзгөрткүсү келген жаран каттоодо турган дареги боюнча гана эмес, өзү жашаган дарек боюнча да Мамлекеттик каттоо кызматынын тиешелүү бөлүмүнө кайрылып аты-жөнүн өзгөртө алат. Ал эми ажырашуу үчүн эки тарап тең келип өз макулдугун берип, тиешелүү документтерди толтурганы жетиштүү. Азыркы иш боюнча айтсам, Марат Акылбеков өзүнүн келинчеги менен келип мыйзамдуу түрдө ажырашкан.

- Аты-жөнүн өзгөртүү канча убакка созулат?

- 1 айга чейин созулат. Бирок азыр бизде кошумча каражат төлөө менен документтерди 10 күндүн аралыгында бүтүрүүгө болот.

- Марат Акылбеков филармониянын жанында токтогон унаанын ичинде кореялык айымга "үйлөнүү" үчүн кол койгонун айтууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери унаанын ичинен документтерди толтурууга укуктуубу?

- Бизде мобилдүү топ деген бар. Алар шаар боюнча жарандар кайсы жакка чакырса, ошол жерге барып, эки тараптын макулдугу менен жарандык актты толтурушат.Жабырлануучу

- Жабырлануучунун кореялык айымга "баш кошконун" кайсы кызматкер каттаганы аныкталдыбы?

- Бүгүнкү күндө аларды ким каттаганы аныкталды. Бул иш боюнча кечээ ички иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Алар аталган "Бишкек Альянс" компаниясы менен байланышта болушканбы же жокпу, аны иликтөө көргөзөт. Эгер байланышы бар болсо, жумуштан бошотулгандан кылмыш иши козголгонго чейин чара көрүлөт.

- Көз боёмочулар Марат Акылбековго Бишкек шаарынын Свердлов райондук мамлекеттик каттоо кызматы документтерин бүтүрүшөрүн айтышкан экен. Ал жакта Сайкал аттуу кызматкер иштейби?

- Жок, иштебейт.

- Жабырлануучу буга чейин сиздин кызматка бул иш тууралуу кайрылды беле?

- Кайрылган. Бирок бул көз боёмочулук боюнча укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүшөрүн айтканбыз. Биздин маалыматыбыз боюнча, алар жабырлануучунун ишенимине киришкен. Элчилик "кыргыздардын арасында этникалык кореялыктар көп болуп жатканы шектендирип жатат" деген себеп менен виза ачпай койгон. Ар бир жаран аты-жөнүн алмаштырууга укуктуу. Биз алардын себебин сураганга да укугубуз жок. Бул жаран документтеринин баарын мыйзамдуу түрдө алмаштырып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gulmira12345
2017-02-08 18:04:28
Айланайын адам боюнчале калгылачы акча учун ар намыс ариетти кетирип аялынар менен ажырашып башкага уйлонду деп эмне кереги бар андан коро безничего Москвагале келип иштечи алла жалгагыр
-2
Seryi-Kardinal
2017-02-08 18:32:15
Ачып берели деп түзүк эле аракет кылышкан экен. Эң аягында кореянын элчилиги эле ачпай коюпур да. Анан тигилер короткон акчасын бергиси келбей качып кетишиптир
+4
A.Alymbek
2017-02-08 18:52:02
негизи башында эле жабырлануучу туура эмес иштерге барыптыр да, эми болсо узурун коруп жатат.Туура мунун баары жакшы жашоо учун болду дечи, ошентсе да 6000 $ чон акча да. Ошондо виза эле 6000 турса ал жакта айлык акы канча болду экен
+3
Adil706070
2017-02-08 19:40:02
унаанын ичинен
0
Adil706070
2017-02-08 19:42:45
6мин долларды андан коро ушул жерде бизнес кылсан болмок аракет кылып.35мин сомдон 12бука байлап баксан дагы 3,4айда устуно 2,3мин доллар пайда кормоксун.(жеке оюм,сунушум)
+1
tyrgon
2017-02-09 00:25:14
6мин долларга он уй алп баксан он уйун 6 литрден сут берсе 6литрди 17сомдон кобойт 102 сом он уйдан 1000 сом кунуно шугур кылалы мусульмане
+1
nur1
2017-02-10 09:12:22
Туура эмес, мобилдуу топ андай жумуш жасабайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан