Интернеттеги социалдык тармактарда "өлүм топторун" жабуу боюнча студенттерден куралган ыктыярчылар тобу түзүлдү. Бул тууралуу Facebook`тагы баракчасы аркылуу Тимур Ташкулов аттуу колдонуучу бүгүн, 8-февралда жазып чыкты.
"Бизде "өлүм топтору" менен күрөшүү, аларды жабуу боюнча таасирдүү ыкма иштелип чыкты. Бул багытта программалоо факультетинде окуган студенттерден куралган ыктыярчылар тобу түзүлдү. Негизи, бардык ыктыярчылардын, блоггерлердин жана кайдыгер эмес интернет колдонуучулардын күчүн бириктирүү зарыл. Андан соӊ мындай жөнөкөй схема менен иш жүргүзөбүз:
- ВКонтакте, Инстаграм сыяктуу социалдык тармактардан "өлүм топторун" табабыз;
- топторго шилтемелерди көчүрүп, социалдык тармактардын администрациясы менен байланышабыз;
- аларга зыяндуу топтор түзүлгөнүн, балдар үчүн кооптуу оюндарды таратып жатканын айтып, шилтемелерди жөнөтөбүз;
- андан соӊ ал топторду жаап салышат", - деп жазган Тимур.
Ошондой эле ал: "Кайра-кайра кооптуу оюндар жөнүндө пост жазып, ызы-чуу көтөрүүнүн кереги жок. Ооба, бул абдан коркунучтуу, бирок дүрбөлөӊдү таратпоо керек", - деп кошумчалаган.
Белгилей кетсек, айрым интернет-булактарына чектөө коюу боюнча Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кайрылган.
Маалыматка караганда, өлкөдөгү интернет-булактарына мониторинг жүргүзүлүп, анын негизинде айрым шилтемелердеги маалыматтардын өспүрүмдөрдүн психикалык ден соолугуна, руханий жана ички сезимине зыян алып келери аныкталган.