Алмазбек Атамбаев кар көчкүдөн каза болгондорго байланыштуу Ооганстандын президентине көңүл айтты

Алмазбек Атамбаев Ооганстандын ар кайсы аймактарында кар көчкү жана бороондон адамдардын курман болгондугуна жана кыйроолорго байланыштуу өлкө президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты. Бул тууралуу 8-февралда президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысы каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилей турганын билдирди.

Айта кетсек, 6-февралга карата Ооганстандагы кар көчкү жана бороондун айынан каза болгондордун саны 119га жеткен. Дагы 80 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Seiil.94
2017-02-08 18:45:39
Биздагы конул айтабыз.Президентибизге бекем ден соолук иштерине ийгилик.дагы да экономиканы онуктуро берин.
-21
KGstan1981
2017-02-08 18:57:23
Суу дачасындагы авиы кырсыкта курман болгондорго кечиктирип конул айтып анда дагын айтсамбы жээ айтпай эле койсомбу конулду деп ойлонуп .Ал эми чет олколукторго заамата конул айткан КСДПнын журт атасына алкыштар болсун((((
+15
Seryi-Kardinal
2017-02-08 21:12:44
KGstan1981,ХХХ болсун десең жарашып калат
+3
Seiil.94
2017-02-09 02:01:03
Seryi-Kardinal,Алкашбы башкабы ал сенин менин кыргыз элинин атасы
0
admin_portal
2017-02-09 09:37:46
Seryi-Kardinal, этика нормаларын сактаңыз! Оозеки эскертүү!
0
adimyrza
2017-02-08 19:19:39
Озубуздо кырсык болсо барып конул айтканы жарбаган,анан биздин ажобуз чакырып конул айтат барып адамдык милдет куран тушуруп конул айтканга жарабаган ажобуз аман эле болсун
+14
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан