2001-жылы 11-сентябрда Америка Кошмо Штаттарында болгон терактка күнөөлүү деп шектелип кармалгандардын бири Халид Шейх Мухаммед АКШнын мурунку президенти Барак Обамага кат жолдогон. Бул тууралуу "Miami Herald" басылмасы кечээ, 8-февралда эксклюзивдүү макала деп жазып чыккан.
Маалыматтарга карганда, Гуантанамодо кармалган Мухаммед катты 2015-жылдын январында жазган, бирок түрмөнүн жетекчилиги аны жөнөтүүдөн баш тарткан. Бирок бир нече соттук териштирүүлөрдөн соң сот Жеймс Пол катты жиберүүгө макулдугун берген. Ал учурда Обама мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Ак үйдөн кетүүгө камынып жаткан эле.
Басылма 18 барактан турган каттын үзүндүсүн гана жазып чыккан. Анда Мухаммед Обаманы "жыландын башы", "тирандардын жана эзүүнүн өлкөсүнүн президенти" деп атап, эч качан АКШдан ырайым кылууну суранбасын айткан.
"Силерге каршы согушту 11-сентябрь күнү биз баштаган жокпуз. Силер өзүңөр жана өлкөңөрдөгү диктаторлор баштады. Мен жалгыздыкта өмүрүмдүн акыркы күндөрүнө чейин кылган күнөөлөрүм үчүн Кудайдан кечирим сурап отурганыма кубанычтамын. Эгерде мени өлүм жазасына буюрсаңар, анда чоң кубаныч менен Алланы жана анын пайгамбарларын кубануу менен тосуп алып, дүйнө жүзү боюнча адилетсиз өлтүргөн досторумду жана шейх Усама бен Ладен менен көрүшөм", - деп жазат Мухаммед.
Ошондой эле ал Обаманы "адамдын укуктарын жакшы билген акылдуу адвокат" деп атап, "өзүнүн душманын териштирүүсүз өлтүрүп, сөөгүн үй-бүлөсүнө бергендин ордуна деңизге ыргытып жибере алат" деп шылдыңдаган.