Мындан 127 жыл мурун, 1890-жылы 10-февралда орус жазуучусу, акын Борис Пастернак Москвада чыгармачыл үй-бүлөдө туулган. Атасы сүрөтчү болсо, апасы пианинодо ойногон. 13 жашынан баштап Пастернак обондорду жаза баштайт, бирок музыка менен алты жыл гана алектенет.
1909-жылы гимназияны аяктап, Москва университетиндеги тарых жана филология факультетинин философия бөлүмүнө тапшырат. Үч жылдан кийин жайында Германияга окууга барган. Философияга болгон кызыгуусу азайганда окуусун таштап, Италия кетип калат. 1913-жылы Москвага кайра келип, окуусун бүтүргөн.
Биринчи жолу 1909-жылы ыр жазганы менен, аны ачыкка чыгарган эмес. Биринчи ырлар жыйнагы “Близнец в тучах”(1914), “Поверх барьеров”(1916) деп аталган. 1922-жылы чыккан “Сестра моя - жизнь” аттуу китеби акынга атактуулук алып келген. “Доктор Живаго” романын Пастернак 10 жыл жазып, 1955-жылы бүтүргөн. Роман 1958-жылы чет мамлекеттерде жарыяланып, ал үчүн жазуучуга “Нобель” сыйлыгы берилген.
10-февралга карата жылнаама.