Мындан 170 жыл мурун, 1847-жылы 11-февралда америкалык окумуштуу, ишкер Томас Эдисон АКШнын Огайо штатында туулган. Ал АКШда 1093 ачылышы үчүн патент алган. Улуу Британия, Франция жана Германия сыяктуу башка өлкөлөрдө да ар кыл ачылыштары үчүн 3 миңдей патент каттаткан. Анын ойлоп тапкыч аракеттеринин натыйжасында телеграф, телефон жана кино жабдуулары жакшыртылган. Электр шамдарынын эң алгачкы ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бирин сунуштаган. Ошондой эле Нью-Йоркто электр кубатын өндүрүүчү алгачкы ишкананы негиздеген.
11-февралга карата жылнаама.