Мухаммедкалый Абылгазиев 11-февралда Боинг 747 авиакырсыгынын себептерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри белгилегендей, авиакырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда.
Бүгүнкү күндө жабыркаган 12 үй-бүлө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагына бардык шарты бар убактылуу жашоочу батирлерге көчүрүлдү. ӨКМнын жабырлануучуларга жардам берүүчү атайын эсебине 82 миллион 920 233 сом которулду. Аталган эсеп жарандардан акчалай каражат түшүп жаткандыгына байланыштуу ачык турат.
Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт авиакырсык боюнча ӨКМнын эсебине түшкөн каражатты максаттуу пайдаланууну жеке көзөмөлүнө аларын баса белгиледи.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, бүгүнкү күндө кырсыктан жабыркаган 11 жаран стационардык дарыланууда: Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 1 адам, Кыргыз илим изилдөө жана ден соолукту калыбына келтирүү борборуна 7 адам, №2-Шаардык төрөт үйүнө 1 адам, Республикалык психикалык ден соолук борборуна 2 адам жаткырылды. Дарылангандардын бардыгынын абалы канааттандырарлык, керектүү медициналык жардамдар убагында берилүүдө.
Биринчи вице-премьер-министр жабыркагандарды акыйкаттуу, дүйнөлүк практикада кабыл алынгандай нормалар менен компенсация төлөп берүү эң негизги милдет экенин билдирди.