Кыргыз жеринде Европа, Япониядан алынып келинген автоунааларды каттоо кыйындады

Кыргыз Республикасына Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө эмес өлкөлөрдөн алынып келинген автоунааларды каттоодо кошумча эреже киргизилди. Бул тууралуу 12-февралда өкмөттөн кабарлашты.

Жаңы эрежеге ылайык, эми ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерден алынып келинген автоунаалар ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториялары (диагностикалык борборлор) тарабынан берилген документтин негизинде гана каттоодон өткөрүлүп, номур берилет. Бүгүнкү күндө Кыргыз жеринде мындай лабораториялар жок, андыктан 2017-жылдын 13-февралынан тарта, мисалы, Европадан, Япониядан алынып келинген унаалар убактылуу каттоодон өткөрүлүп, убактылуу мамлекеттик номурлар берилип баштайт. Унаанын коопсуздугун күбөлөндүрө турган лаборатория 1 айдын ичинде Бишкек шаарында ачылары айтылды.

Белгилей кетсек, унааларды каттоодогу бул эреже ЕАЭБдин талабына ылайык киргизилди.

Мамлекеттик бажы кызматынын билдиришинче, Кыргыз мамлекетине 2014-жылы 106 770 автоунаа, 2015-жылы 2282 автоунаа киргизилсе, 2016-жылы 200 гана унаа алынып келинген. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге 2015-жылы толук кандуу мүчө болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
janat.kg
2017-02-13 09:29:22
Япониядан дагы деле алынып келинтабы машиналар?
+2
baltabai
2017-02-13 09:40:09
Oa da Япония дан келет
+2
nur.akturpak
2017-02-13 10:00:52
Баягы эле жеп жутарлардын чонтогу калындайт. Элге бир гана зыян
+2
Nursultan.m.n
2017-02-13 12:02:52
Япониядан киргизиш керек машинелерди
+2
Nursultan.m.n
2017-02-13 12:03:40
Расстамошканы женилдетүү керек
Фиттер аябай көтөрүлдү.
+5
bond
2017-02-13 12:17:17
Орустар өздөрүнүн өтпөгөн жаман машиналарын бизге түрткүсү келип жатат да.
+10
BekAmir
2017-02-13 12:45:30
bond, туура айтасын. Орустар только оздорунун кызыкчылыгы учун дос болот
+2
iasin
2017-02-13 14:29:56
Мен жогорудагы мерске окшогон машиналарды айдагым келет. Лада зил москвич ниваны өзүңөр айдагыла....
+4
Nur1k
2017-02-13 15:54:34
Кыргызстанда болгондо митингге элди топтоп чыкмакмын. Орустун олоюн деген жигули, приорарасын мингиче 80-90 жылкы мерстерди мингенин жакшы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан