Бишкекте 30 даана димедрол ичип, эс-учун жоготкон кыз ооруканага түштү

Бишкекте 30 даана димедрол ичип, эс-учун жоготкон кыз ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына жабыркаган кыздын апасы Динара Пазылова билдирди.

"Бишкекте 9-кичи райондогу чакан базарда дарыкананын сатуучусу дарыгердин атайын көрсөтмөсү жок 12 таңгак димедрол дарысын сатыптыр. Анын 30 даанасын 21 жаштагы кызым ичип, эс-учун жоготуп ооруканага түшүп калды. Ал жерден 12 саат дарыланып үйгө чыгарып келгем. Абалы жакшы болгону менен, акылга сыйбаган сөздөрдү сүйлөп жатат. Дарыканага барсам сатуучу кыз "мен билбей сатып коюпмун" деп койду", - деп билдирди Пазылова.

Маалыматка ылайык, учурда Динара Пазылова дары сатуучунун дипломун жана дарыкананын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылууда.

"Кызым өз өмүрүн кыюуну максат кылбаганын айтууда. Ишинде көйгөйлөр бар эле. Эки күн бою катуу ойлонгондуктан уктай албай кыйналыптыр. Стресстен чыгуу үчүн уктайын деген экен", - деп кошумчалады Пазылова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары менен камсыздоо департаментине байланышканыбызда мекеменин жетекчилиги: "Бул боюнча бизге азырынча арыз түшө элек. Эгер жабырлануучулар тарабынан арыз жазылса, тиешелүү чаралар көрүлөт. Негизи дарыгердин көрсөтмөсү жок мынчалык көлөмдө димедрол сатылбаш керек болчу", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
baltabai
2017-02-13 11:54:24
30ta kidai saktasyn
+3
nur.akturpak
2017-02-13 12:11:53
Акылга сыйбаган иш. Кантип эле 21жаштагы кыз 30даана димидрол эмнеге алып барышын билбесин.
+14
leilekstan_1987
2017-02-13 12:17:35
Айланайын эжекеси сиз даарыкананын ишмердуулугун, сатуучу кыздын дипломун текшергенден коро кызынызды текшерин туура тарбиялап акыл насаатынызды айтып.
+32
aikokul14
2017-02-13 12:37:05
Атайын эле өлөм деп ичкенда,кантип эле билбесин,бизде бирөөнү күнөөлүү кылганды жакшы билебиз,ал эми димедролго келсек,андан күчтүү дарылар деле көрсөтмөсү жок эле сатылат.
+24
admin_portal
2017-02-13 12:38:19
tyrgon, провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт. 5 күнгө БАН!
-6
ashuular_plus
2017-02-13 13:01:05
Уктайын деп 30 таблетка ичиптир дегени эмнеси? Чындыкка окшошпой калды го?
+19
ashuular_plus
2017-02-13 13:01:57
Биротоло уктайын деген го...
+18
ulchana
2017-02-13 13:03:10
Димедирол по рецепт сатылат.Бирок алган адам болницага барганга шарты жок же дагы башка нерсе болсо 1 эле пластинк(10таб)сатса болот таанышын болсо.Саткан адам деле айтса кк 1штук эле ич олуп калба кооп ичип деп.Ичкен кыздын апасы кызына тарбия берсе боло,фармацевтке асылбай,ал не сатып койду да выручкам которулот деп.
+16
nazira...
2017-02-13 13:16:27
ООба, саткан кызда эмне. Алып сатаардыр деп ойлошу да мумкун. А уктагысы келсе 2 таблеткага эле уктап каласын.
+10
Arlenchik
2017-02-13 20:08:06
Саткан кызда эмне куноо, алам деп келсе сата берет да, ушу бизде бироону куноолу кыла койгонго эле машпыз, озулору туура тарбия беришсин, мумкун оздору чоноюп калган кызынын намысына тийип ызалантып ошол нерсеге барганга туртку болушкандыр.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан