Тайырбек Сарпашев кызматтан убактылуу кетүү боюнча арыз жазды

Тайырбек Сарпашев кызматтан убактылуу кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүн эртең менен өкмөт башчыга арыз жазган.

"Бүгүн менин ишим боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Ага ылайык мен убактылуу кызматтан кетип туруу боюнча арыз жаздым. Түштөн кийин өкмөт башчы аны канааттандырат деген үмүттөмүн. Комиссия бир айдын ичинде жыйынтык чыгарат. Дагы бир жолу айта кетсем, жердин камактан чыгарылышы боюнча менин же Мамлекеттик каттоо кызматынын катыштыгы жок", - дейт Сарпашев.

Башкы прокуратура Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетишине жол ачкан Бишкектин Мамлекеттик каттоо мекемесинин чечимдерине байланыштуу 9-февралда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук", "далилдерди жокко чыгаруу", "мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, бланкаларды, документтерди жасоо, колдонуу, сактоо" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Beksultan-007
2017-02-13 11:17:43
Жакшы иштеп жаткан кишини дароо кызматынан четтетет. Айткылачы качан эле 800 сомго эки кундо паспорт алдынар. Биометрика,центр обслуживание населении,жаны паспорт ж.б жакшы жумуштарды баштады эле.
-8
momun74
2017-02-13 11:38:49
Beksultan-007,кайдагы эки кун бир айда аран келдиго менин паспортум андайлар айыл жеринде толтура ананда 800 сом эмес 1500 сомдон жогору толоп жатабызго
+2
joysin777
2017-02-14 01:47:29
Beksultan-007,жакшы иштеп жараны Кыргыз деген графаны жок кылды дагы не кылды Бакиевке караштуу жерди афера кылып элди унуткузуп акыры Атамбаевке отту дагы эмне кылды кыргыз паспортун кытай ж.б нацияларга таркатты эн мен жек коргозу койгон жери ошо Кыргыз деген графаны алдырам дегени кетсинда кайрылып келбесин
0
Beksultan-007
2017-02-13 11:52:28
Мен озум ошентип алгам ID 802 сом. Загран 1493 сом.
-3
Izdeim_seni.
2017-02-13 11:53:15
Неге убактылуу кетет??? Биротоле ке те бербейби
+4
momun74
2017-02-13 12:24:05
Мен ID бир жарым минге алдым
0
momun74
2017-02-13 12:26:17
Бишкек шаарында эле албасан сен алгандай баа региондордо тартпайт ал жакты Ким козомолдойт
0
saltanat2015
2017-02-13 13:39:28
Туркияда кармалган 98паспортто Сарпашев аралашкан абдан териштириш керек убактылуу эмес камаш керек
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-02-13 16:25:12
Тек койгула жесин тойсун ичи жарылат бир куну
0
bosmos777
2017-02-13 18:33:11
мындай Кыргызды кемсинткендер ! Кыргызга кереги жок! Кыргыз улуттун жок кылып жазып. Бир жолу кетип. Кылмыш жообуна тартылсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан