Жалал-Абад облусунда мекеме-ишканалар электр энергияга болгон карыздарын төлөбөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад электро ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Пайдаланган электр энергиясына болгон карызын өз убагында төлөбөгөн ишканалар компаниянын ишмердүүлүгүндө көйгөйлөрдү жаратып жатат. Мындан улам алардын тизмесин жарыялап жатабыз. Бул мекемелердин айрымдарын биздин компания сотко берген. Учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Карызын төлөбөгөн мекеме-ишканалардын тизмеси:
Таш-Көмүр "Жылуулук ишканасы" - 1 054 525 тыйын.
Таш-Көмүр шаарындагы "Юнайтед Коал Компанисы" ЖАК - 6 076 622 тыйын
Таш-Көмүр шаарындагы "ТК Солар" ЖЧК - 11 311 050 тыйын.
Таш-Көмүр шаарындагы "Электросила" ЖЧК - 11 030 014 тыйын
Майлуу-Суу шаарындагы "Теплоснабжение” өндүрүштүк бирикмеси - 2 539 673 тыйын.
Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмү - 4 098 870 тыйын.
Жалал-Абад шаарындагы "Аль-Каб” ЖЧК - 1 163 042 тыйын.
Жалал-Абад шаарындагы "Бакиев питомниги" - 2 334 736 тыйын.