Камактан чыгарылган жер тилкеси боюнча жакында айрым адамдардын көлөкөсү чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
"Негизинен жердин камактан чыгарылышына кимдер кызыкдар болгонун билем. Бирок азырынча айта албайм. Аны мекемелер аралык комиссия жакында аныктап, ачыкка чыгарат деген үмүттөмүн. Бир жума аралыгында айрым адамдардын көлөкөсү көрүнүп калат", - дейт Сарпашев.
Башкы прокуратура Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетишине жол ачкан Бишкектин Мамлекеттик каттоо мекемесинин чечимдерине байланыштуу 9-февралда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук", "далилдерди жокко чыгаруу", "мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, бланкаларды, документтерди жасоо, колдонуу, сактоо" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.