Сарпашев: "Корейге айланган баланы жабырлануучу эмес, кылмыштуу топтун мүчөсү катары кароо керек"

Корейге айланган баланы жабырлануучу эмес, кылмыштуу топтун мүчөсү катары кароо керек. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди.

"Ал жаран мыйзамсыз экенин билип туруп, өзү ушундай кадамга барган. Анткени Корея элчилигин алдап жатат. Аны жабырлануучу эмес, кылмыштуу топтун мүчөсү катары карап жоопко тартыш керек. Ал маселе боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин күнөөсү жок", - дейт Сарпашев.

Айта кетсек, Марат Акылбеков аттуу жаран "Бишкек Альянс" компаниясына Кореяга виза ачтыруу үчүн 6000 АКШ долларын берген. Ал керектүү документтин баары тез аранын ичинде даяр болуп, Марат Ким Анатолий деген корей ысымына ээ болууга да жетишкен. Чогулган жасалма документтерди алып Кореянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине виза ачтырууга барган Акылбековго элчилик виза ачып берген эмес.

Марат Акылбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборунун кызматкерлерин "ушул сыяктуу компаниялар менен тыгыз иштешет" деп айыптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Kg.arts.
2017-02-13 12:02:15
Эмне болгон бала? Кененирээк тушундуруп жазсанар.
0
wwwbaxa
2017-02-13 12:13:16
Коз коруно актанып атканын...
+4
ady-88
2017-02-13 12:13:31
Бул Сарпаштын ХХХ кокусунан. Эмне деп эле ХХХ жатат. Ишинен алынып калам деп депрессияга кирип кеткенго сыягы. Ал бала деле кичине иштеп алайын Кореяга барып деди да. Анын бул жакта эч кандай куноосу жок. Бир болсо ошол афера карусельге Сарпаштын башы кылтыйып туратго. Ошондой кыйын экенсинер Сарпаш аке анда эмнеге генералдык прокуратура сизге иш козгойт. Ошондой эчким куноолуу эмес экен анда жаштарды самтыратпай ар кайсы олкого бир алгылыктуу иш кылсанаи боло. Озунор
+17
ady-88
2017-02-13 12:19:49
Мен коп нерсени жазайын дейм банга кетип каламбы деп коркомда.
0
Mirlan5
2017-02-13 12:24:12
Сарпашевтин ХХХ... өзүлөрү бүт паракорллор (95%)ти. Кайра баланы күнөөлөп койгонуна айла жок күлөсүң... Тиги бала кылмышкер силер периштесиңерби...
+18
admin_portal
2017-02-13 12:37:07
Mirlan5, этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
-6
almazbei
2017-02-13 16:20:01
admin_portal, тиги бала жыргаганынан атын озгортобу,кореяга барып иштеп келейин деп жатат да, кыргызстанда жакшы жумуш болбосо,сарпашов озун билсинчи биринчи,госрегстрге ишин тушуп барып калсан жок дегенде 5 мин чонтоко сала барышын керек,админ кааласанар мени сарпашовду жамандады деп беш эмес он кунго бан кылгыла!
+6
elchi84
2017-02-13 12:35:17
Ал бала иштеп келейин деп паспорт алганда силерге окшоп айлык алып анан элдин устунон жесе барбайт эле.Эч тойбодунар го эл учун иштейин деген Адам жок баардыгы ОЗУ менен ОЗУ .
+18
tuigan.
2017-02-13 12:46:41
Бир эле алданган бул бала эмес дагы коп жаран алданыптыр бишкек альянс компаниясына
+16
gulmira12345
2017-02-13 13:37:16
туура ошентиш керек себеби ал мыйзамды бузуп жатат эмне учун кыргыз жараны анын фамилия атын алыш керек
-5
Salimboy
2017-02-13 13:38:18
Сарпашовду 27чи кабатка отургузуш ХХХ
+4
admin_portal
2017-02-13 17:53:03
Salimboy, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Shapak1979
2017-02-13 17:50:34
ХХХ жаны паспортун албагыла Кыргыз элим. Улуту дегенди кошсун анан алабыз.
+1
taalay25
2017-02-13 19:21:29
Мафия уюштуруп эми ууру ээсин айыпка жыкканы атабы?
0
admin_portal
2017-02-14 09:29:52
Nazar76, 3 күнгө БАН!
Адепсиз, уят сөздөрдү колдонууга болбойт!
0
Kroxa
2017-02-14 10:02:20
Паспортту жасап бергендер жоопко тартылбайбы??алган киши кылмышкер болсо жасагандарчы??беймарал жасай беришсинби бироону корей,бироону орус,бироону немис кылып???
0
ulukbek8990
2017-02-21 00:27:22
ХХХ бир соз менен айтканда
0
admin_portal
2017-02-21 09:22:08
ulukbek8990, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан