Чүйдө классташтары тарабынан сабалган окуучу кыз боюнча комиссия түзүлдү

Чүйдө классташтары тарабынан сабалган окуучу кыз боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, комиссиянын курамына министрликтин Бишкек шаардык жана облустук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү кирди. Алар сабак учурунда мугалимдин жок болгонуна эмне себеп болгонун жана мектептеги тарбия иштерин иликтешет.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте мектептеги кылмыштуулукту, укук бузууларды алдын алууда профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя 9-февраль күнү Москва районунун Ак-Суу айылындагы №2-орто мектепте сабак учурунда болгон. Анда 6-класста окуган кыз классташтары тарабынан сабалган. Буга "Космостон салам" оюну себеп болгон. Оюндун эрежесине ылайык, сабалган окуучу сабалганы тууралуу эч кимге айтпашы жана ыйлабашы керек. Ошондо гана жеңүүчү аталат. Ошондой эле окуя болордон мурун мугалимди директор чакырып калып, ал ошол жакка кеткени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
engel
2017-02-13 13:18:21
Kudaaiym baldardyn psihikasy kaida baratat? Emi emne ata enendi saba dese alardy da sabaiby?
+4
Sveta23
2017-02-13 16:10:57
көк киттен космоско өттүкбү
+2
jamilya03
2017-02-13 23:29:34
Тооба кылдым биздин заманда топ таш ортого тушмой скалкалка ойночуу элек азыркыларга интернеттин пайдасы ушундай абалга алып баратат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан