Кыргыз жеринде малдын башы арбыды, бирок мал тукумунун асылдуулугу начарлап, эт жана сүт өндүрүмдүүлүгү улам төмөндөп баратат. Бул тууралуу 13-февралда Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2016-жылы “Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоорунун ишке ашыруунун натыйжасы жөнүндө жана 2017-жылга “Айыл чарбаны каржылоо-5» долбоору тууралуу маалымат угулуп жаткандыгын билдирди.
Анын айтымында, өсүмдүктөр менен жер-жемиштердин сорттуулугуна жана мал тукумунун асылдуулугуна көңүл буруу үчүн дыйкандар менен фермерлерге бюджеттик жеӊилдетилген насыя каражатын берүү зарыл. Эгерде малдын туягын санап, анын асылдуулугуна басым жасап, эт жана сүт багытындагы малдын тукумдарын көбөйтпөсө каражат текке кетет.