"Манас" эл аралык аэропорту: "Ош" аба майданы тумандан улам 2 сааттай иштебей калды"

Ош аэропорту штаттык режимде иштеп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, эртең менен аба ырайына байланыштуу убактылуу учактарды кабыл алуу жана учуруу токтотулган болчу. Коюу тумандан улам Бишкек-Ош багыты боюнча эки каттам кармалып, Иркутск-Ош багытынан 1 каттам Бишкекке конууга аргасыз болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда Ош аба каттамы штаттык режимде туруктуу иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
etaj_rus79
2017-02-14 13:02:51
оштун аэропортун туман каптай берет жылдырыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан