Өзгөндө 3 ай мурун курулушу бүткөн коомдук даараткана авариялык абалда, адамдарды басып калуу коркунучу жаралууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Жакында бул ажаткананын урап бараткан тарабын шыбап кетишкен. Кайра эле тешиктер көрүнүп, мурунку авариялык абалына келип калды. Жакынкы 4-5 күндө кулап калабы деп коркуп жатабыз. Жанында башка даараткана бар. Бирок анын ичи аябай кир абалда", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.