SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөмдүн классташ кызы экөөбүздүн ортобузга түшүп жатат" деген тема талкууга алынууда.
Темада автор мындай деп жазып, кеңеш сураган: "Турмушка чыкканыма үч жыл болду, бир балам бар. Биз дагы эл катары Москвада иштеп жүрүп, мен боюмда болгондо мекенге келгем. Ошол боюнча "кара тизмеге" кирип калып кетпей калдым. Күйөөм барып келип иштеп жүрөт. Акыркы жолу келгенде Москвада классташы менен сүйлөшүп жүрүптүр айтсам, "ортобузда эч нерсе жок, жөн эле сүйлөшүп жүргөм, болду сүйлөшпөйм" деп кеткен. Эми мага ошол классташы чалып "күйөөңө айтчы, мени тынч койсун, менин үй-бүлөмдү бузуп жатат, "ажыраш, экөөбүз үйлөнөлү" деп жатат" дейт. Ошонун айынан экөөбүздүн урушубуз көбөйдү. Жолдошум тескерисинче, "сүйлөшпөй койсом үй-бүлөңдү бузам деп жатат" деди. Кимисине ишеништи билбей калдым".
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эгер ал келиндин күйөөсү болсо, ошого эле айт. Бул ишти ушул бойдон калтырбай, аягына чейин чык".
"Балким, ошол келин туура айтып жаткандыр. Эки баласы болсо, үй-бүлөсүн ойлогон чыгар. Күйөөңдү Кыргызстанга эле чакырып, ушул жакка жашайлы де. Бул жактан деле иш тапса болот".
"Балдарын көзгө илбеген аялдан баарын күтсө болот, күйөөңдү колдон чыгарба, ага ачуу тилиңди агызба, көңүлү калат. Өзүн чакыр же жанына бар, чогуу жашагыла, эркекке ишенип болбойт, баары бир эркектигин кылат. Күйөөңдүн көңүлүн калтырбай, амалкөйлүк менен өзүңө имер, ал классташын айтып мээсин чукуба. Бактылуу болгула".
"Классташынын ата-энесине кат жаз да, "кызыңар менин турмушумду бузуп жатат, тыйып койгула" деп атасына жазсаң".
"Классташынын жолдошуна айтса болбойт, алар ажырашса, сенден өч алышы мүмкүн".
"Менин оюмча, жолдошуңуздун классташ кызы от менен ойноп жаткандай. Сизге чалып, тигинтип сүйлөп жатканына караганда ал күйөөсү билгенден, элдин сөзүнөн деле корккудай түрү жок. Кааласа бүтүрүп коймок, демек, ал тескерисинче, тартып кетүүнү көздөп жатат. Жолдошуңузду тез арада кайын журтка ортого салып болсо да, себебин айтпай деле, чакыртып алыңыз".
"Менде да убагында ушундай болгон, автор, ал кыздын өзүн таап, бетин тытып сал, уят кыл, үй-бүлөлүү эркекке асылган кандай болорун көрсөтүп кой".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.