Жогорку Кеңештин депутаттары авиакырсыктан жабыркагандарга акча беришти

Жогорку Кеңештин депутаттары менен парламенттик аппараттын кызматкерлери Дача-СУ айылындагы авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга жардам иретинде акча которушту. Акчанын суммасы 1 миллион 153 миң сом экенин 13-февралда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Ал эми 13-февралга карата авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ачылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 84 миллион 654 656 сом чогулду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлоодо.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында Бишкектин четине Боинг учагы кулап, 39 адам каза тапкан. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
meerimma84
2017-02-14 08:47:43
Уйу жараксыз болгондорго,негизи эле канча уй зыян тарткан болсо барыга бирдей кылып уй салып берип койбойбу окмот. Ыйман бер Кудайым ошол акчаны кармап тургандарга.
+7
baltabai
2017-02-14 08:55:42
Jardam berish kerekgo
+2
010288
2017-02-14 09:04:42
ээми бериштиби
+1
Kroxa
2017-02-14 09:08:17
Эми ошол айылды жаап эле башка жерден уй салганга акча жетип деле калыптыр,туура болуштуруп бергиле козунорду кызартпай...
+7
Patirot
2017-02-14 10:46:16
Чогуулган акчана эле уй салып берише болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан