2016-жылга карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 29,3 миллиард сомду түзгөн

2016-жылга карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 29,3 миллиард сомду түзгөн. Болжолдуу аткаруу 91,2 пайыз же 2,8 миллиард сомго аз чогултулган. Бул тууралуу бүгүн, 14-февраль күнү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Алтынбек Торубаев маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, болжолдонгон пландын аткарылбай калышына ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн импорттук бажы алымдарынын аз чогултулушу себеп болгон.

"2016-жылга карата республиканын тышкы соода жүгүртүмү 3,5 миллиард АКШ долларды же 2,1 миллион тонна көлөмдү түзгөн. Товарлардын экспортунун көлөмү нарк жагынан алып караганда 1,1 миллиард АКШ долларын түзгөн. 2015-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 108 пайызга жогорулаган", - дейт Торубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rukopashnik
2017-02-14 11:46:37
жеп жутуп атышса каякта аткарылмак
план..
+1
nur_zhoni
2017-02-14 22:12:09
Бизде коп сарпташат окмотун акчасын аз чогултушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан