Борбор калаада мыйзамсыз курулган курулуштарды сүрдүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мыйзамсыз курулуштарды жана жөө адамдар жүрүүчү жолго курулган курулуштарды алууну улантып жатабыз. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Алма-Ата көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан эки дүкөн алынып салынды. Мындай аракеттер үчүн атайын штаб түзүлгөн. Анын курамына мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, Жогорку соттун алдындагы соттук департаменти, өкмөттүн мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы кирген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин баш калаада мыйзамсыз салынган турак үй жана кафе сүрдүрүлгөн.