“Кыргыз мамлекетинин бюджети организмдей. Ар бир организмде паразиттер болот. Менин жеке оюм боюнча, биздин бюджеттин паразити - мамлекеттин үлүшү бар компаниялар менен ишканалар”, - деп 15-февралда Жогорку Кеңеште “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттин бюджетине зыян келтирген компаниянын жетекчилери жоопко тартылышы керек.
“Саясатчылар, депутаттар бийликке сын айтып койсо артынан түшүп аласыңар, мамлекетке зыян алып келгендерге сыйлык берелиби? Коргоо министрлигине караштуу “Семетей” деген мейманкана бир жылда 50 миң сом пайда алып келиптир. Чындыгында 50 миң сом бир күндө түшө турган каражат. Эгерде мурда миллиарддаган пайда алып келген компанияларга жаңы жетекчи дайындалгандан кийин зыян келтирилип жатса, кылмыш ишин козгоп камаш керек”, - деди ал.