Биз социалдык тармакта

Аксыда уруксатсыз курал алып жүргөн 2 тургун аныкталды (видео)

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал алып жүргөн эки тургун аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ак-Жол айыл аймагында мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө эки жергиликтүү тургундун жанынан тиешелүү документтери жок эки даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана колдонулбаган 8 ок табылды.

Аталган жарандарга карата Укук бузуулар кодексине ылайык административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Ал эми курал-жарактар жана ок тиешелүү чараларды көрүү үчүн Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Аксыда уруксатсыз курал алып жүргөн 2 тургун аныкталды (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан