Биз социалдык тармакта

Ошто жасалма документ берип жүргөнгө шектелип чек арачылар кармалышты

Ош облусунда чек ара аймагына кирүү үчүн жарандарга жасалма уруксат кагаздарын даярдап берип, акча алып жүргөн эки аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы айрым кызматкерлери жарандарга чек ара аймагына кирүүгө уруксат берген жасалма документтерди системдүү түрдө даярдап келишкен. Алар бул үчүн 1000 сомдон 4 миң сомго чейин акча алышкан.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында 25-ноябрда Ош чек ара отрядынын Ж.у.Б. жана И.З.М. аттуу эки кызматкери кармалып, камакка алынды..

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык) жана 379-беренесинин 1-бөлүгү (документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан