Түркмөнстан: Түрк лицейинин мугалимдери соттолду

Түркмөнстанда Түркиядагы оппозициясы менен байланышы бар деген кине менен отуздан ашык адам узак мөөнөткө абакка кесилди. Алар өткөн жылы октябрь айында кармалышкан. Айыпталуучуларга кайсы бир террордук топту колдоого алды деген күнөө коюлган. Бирок соттун чечиминде шектүү уюмдун же адамдардын аты-жөнү айтылган эмес. Бул тууралуу "Азаттык" жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Ахал облустук сотунун чечими менен абакка кесилгендердин көпчүлүгү түркмөн-түрк лицейинин мурунку мугалимдери жана кызматкерлери. Буга чейин “Хизмет” кыймылы менен кызматташкан деген айып менен мурдагы мугалимдер, ишкерлер камалып жатканы маалым болгон.

Өткөн жылдын июлунда Түркияда ишке ашпай калган аскерий төңкөрүштөн кийин түркмөн-түрк окуу жайларын бүтүргөндөр, анда иштегендер ар кандай куугунтуктоого туш болуп жатышканын түркмөн журналисттери жазып келет. Кысымга кабылгандар түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын каршылашы, АКШда жашаган диний аалым Фетхуллах Гүлендин идеясын жактайт деп айыпталууда. "Азаттык” жеке булактарына таянып, Түркмөнстанда мындай куугунтукка жалпысынан 150дөн ашык адам кабылганын, алардын көпчүлүгү түркмөн-түрк окуу жайларынын мурунку мугалимдери жана кызматкерлери, таанымал түрк ишкерлери экенин жазды.

Айрым жергиликтүү басылмалар дагы куугунтуктар күчөгөнүн жазып жатышат. "Фергана.ру" сайты айыпталгандар сурак маалында кыйноого кабылып, адам өмүрү кыйылган учур болгонун, мындан бир нече полиция кызматкерлери кызматынан бошотулганын жазган.

2016-жылдын жайында Фетхуллах Гүлендин кыймылы Түркияда төңкөрүш аракетин жасаганы айтылып, Анкара анын уюмун террордук деп тапкан. Гүлен өзү бул айыптоону четке кагып келет. Андан бери Түркияда миңдеген кишилер Гүлендин кыймылы менен байланышы бар деген шек менен камакка алынып, иштен бошотулган.

Фетхуллах Гүленге таандык делген Кыргыз Республикасында "Себат" түрк лицейлери аталышын "Сапат" деп өзгөртүү сунушу каралууда. Кыргыз бийликтери бул лицейлердин өлкө коопсуздугуна эч кандай коркунучу жоктугун баса белгилеп келет. Ал эми Казакстанда казак-түрк лицейлери “Билим инновация лицейи” деп атын өзгөрткөн. Дүйнөдөгү 100дөн ашык өлкөдөгү түрк окуу жайларынын көбүн диниятчы Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылы каржылары айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан