Алмамбет Шыкмаматов Текебаевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады

"Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов парламенттик жыйында Текебаевди камакка алуу боюнча кароону сунуштады.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекетинде бул чоң саясий окуя.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүн чакырып маалымат угуп, чечим кабыл алалы. Кечээ биздин фракция депутаттык комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алган. Ушул сунушту киргизет элем", - дейт ал.

Эске салсак, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген.

26-февралда таңкы саат 3тө Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМКнын кызматкерлери депутатты кармап кетишкен.

Ошол эле күнү камакка алынган депутаттын тарапташтары УКМКнын алдына чогулушкан. Алар Ө.Текебаевди үй камагына бошотуу талабын коюшкан. Бул күнү митингге 1000ге чукул жаран катышты. Депутатты коргоо боюнча Бириккен күчтөрдүн штабы түзүлгөн.

27-февралда Текебаевди колдогон 400дөн ашуун митингчи "Ала-Тоо" аянтына чогулду. Анын баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин билүү үчүн митингчилер Биринчи Май райондук сотуна, УКМКга келишти. Жактоочу Чынара Жакупова Ө.Текебаевдин жана соттун коопсуздугу үчүн баш коргоо чарасы мурунку Аскердик сотто каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыгарылганын айтты.

28-февралда Текебаевдин тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүштү. Анын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов митингдер жумасына 2-3 жолу өтүп турарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан