Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаевдин маселеси каралууда. Текебаевдин камалышы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылып, аны Жанар Акаев, Мирлан Бакиров сыяктуу депутаттар колдоого алышты. Бакиров депутат Өмүрбек Текебаев тарыхый инсан экенин, 2005, 2010-жылкы баш аламандыкта өлкөнү укуктук жолго салганын баса белгиледи. Депутатты колдоп жол тоскондордун аракетин "жапайычылык" деп атагандарды сындады.
Жанар Акаев чет өлкөлүк эки жарандын көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна шек келтирүүгө жол берилбеши керектигин баса белгиледи. Бүгүн парламентте Башкы прокурор, УКМКнын төрагасы Текебаевдин кармалышы боюнча маалымат берет.
Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.